Окуялар

Эки өспүрүм кызды уурдоого аракет жасагандар кимдер болгон?

Кечээ, 22-январда Чүй облусуна караштуу Панфилов районундагы Эркин-Сай айылында кыздарды уурдоо фактысы катталып, коомчулукту дүрбөлөң салган окуя дагы деле текшерилүүдө. Бул тууралуу Чүй облусттук ИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ болжол менен саат 14:00дө РИИБга Эркин-Сай айылында белгисиз кишилер 2 өспүрүм кызды уурдоого аракет кылды деген маалымат келип түшкөн. Милиция 2 кыздын өздүгүн тактап, ата-энелеринин көзүнчө суракка алышкан. Бирок алардын көрсөтмөлөрүндө айрым дал келбөөчүлүктөр бар деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле башка жергиликтүү тургундар суракка алынган. Алар айылдан чоочун унаа менен кишилерди көрбөгөнүн айтышууда. Факт Кылымыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Учурда эки өспүрүм кызды уурдоого аракет жасаган кылмышка шектүүлөр изделүүдө. Милиция такталбаган, провокацияга үндөгөн маалыматтарды таратууну токтотуу керектигин маалымдады.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button