Дүйнө

Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган коронавирусунун сүрөтү чыкты

2019-жылдын декабрь айында Кытайдын Ухань шаарында пайда болгон белгисиз вирус дүйнөнү дүрбөлөңгө салууда. Эсперттердин айтымында ооруну козгогучтардын жаңы тиби  2019-nCoV деп аталат.  

Бул оору менен жабыркаган алгачкы бейтаптардын деңиз азыктары сатылуучу базарга тиешеси бар адамдар болгондугу такталган. Учурда бул оорудан 26 киши каза болуп, 850 адамга жуккандыгы кабарланды.

Жер планетасындагы элди дүрбөлөңгө салган бул дарт чет өлкөлөргө: Түштүк Корея, АКШ, Тайвань, Таиланд, Япония жана айрым маалыматтар боюнча Россияга тарагандыгы кабарланууда.

Ал эми Кыргызстанда Кытайдан келген аба каттамдары 2-февралга чейин токтотулуп, Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан этият чаралар көрүлгөндүгү билдирилди.

Бул белгисиз дарт менен дүйнөдөгү атактуу адистер да иш алып барууда деп жазат чет өлкөлүк маалыматтар. Кытайдын патогендик микрооргаизмдерди сактоочу жайы жаңы коронавирус жөнүндө маалымат берип, анын электрондук микроскоптогу алгачкы сүрөтүн жарыялды. Белгилүү болгондой бул сүрөт профилактика жана  оорунун алдын алуу иш-чарасынын алкагында тартылган жана дартты кантип алдын-алуу жана дарылоо ыкмалары изилденип жатат.

Ал эми Бүткүл Дүйнөлү саламаттык сактоо уюму бул вирус Кытайдын аймагынан сыртка чыгып кеткени, дүйнө эли бул дартка даяртурму болушун эскертти.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button