Окуялар

Энесиндей аялды зордуктайм деп…

Талас шаардык соту Жазык кодексинин 190 жана 66-беренесинин 1-бөлүмү (Ден соолукка жеңил зыян келтирүү) менен айыпталган Алмаз аттуу кылмышка шектүү жаранга сот чечимин чыгарды.  

Айыпталуучу Алмаз 1990-жылы Талас шаарында туулган. Билими орто, бойдок, убактылуу эч жерде иштебейт.

Ал 2019-жылдын 30-июлунда саат түн ортосунда  04:00 чамасында Талас шаарынын 1973-жылы туулган тургуну Суусардын жалгыз жашаганынан пайдаланып, үйүнө кирип, жабырлануучунун колун кайрып, чачынан тартып, ден соолугуна зыян келтирип, зордуктоого аракет жасаган.

Соттук отурумда Алмаз күнөөсүн мойнуна албай, жабырлануучу Суусардын үйүнө барбаганын айтып, өзүн актап берүүнү суранды.

Ал эми сотто жабырлануучунун айтымында, 2019-жылдын 30-июлунда саат 04:00 чамасында короодогу ити абдан катуу үргөнүнөн сыртка чыккан. Эч ким көрүнбөгөндүктөн кайра үйүнө кирейин деп жатканда кошунасынын баласы эшикти жаптырбай, каршылыгына карабай үйүнө кирген. Андан кийин эшикти бекитип, «эже, мен тоногону эмес, сизди зордуктаганы келдим» деп айткан. Ошондо Суусар  «акмак, кетип кал!» деп кыйкырган. Алмаз жабырлануучуну жерге жаткырып, колдорун кайрып, тумчуктуруп, чачынан жулган. Жабырлануучу ага каршылык көрсөтүп, аны менен алышып жатканда чакалардагы суу төгүлүп калган. Андан кийин айыпталуучу Суусардын ич кийимин чечкен. Жабырлануучу кыйкырып баштаганда «кыйкырба, сени, итиңди да өлтүрүп салам» деп айткан. Ошондо аял «ай бала кой, сенин апаңды, атаңды жакшы тааныйм. Эч кимге айтпайм. Тынч эле кетип кал, мага тийбе» деп жалынып айткан. Алмаз болсо «эч кимге айтпаңыз, мени кечириңиз» деп үйдөн чыгып кеткен.

Бирок, ошол  окуядан кийин Суусар агасына телефон чалганын айтып, айыпталуучуну жазага тартып берүүнү суранды.

Жыйынтыгында Алмаз Жазык кодексинин 190-беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 360 сааттык коомдук иштерге тартуу жазасы белгиленди. Ошондой эле Жоруктар жөнүндөгү кодекстин 66-беренесинин 1-бөлүгү менен күнөөлүү деп табылып, 40 сааттык коомдук жумуштарга тартуу жазасы белгиленди. Жазык кодексинин 81-беренесинин 7-бөлүмүнүн негизинде белгиленген жазалар бириктирилип, жалпысынан 400 сааттык коомдук иштерге тартуу жазасы белгиленди.

Abal.kg


Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button