Грипптен жана суук тийүүдөн 100% сактануунун ыкмалары

Мындай ыкманы илгери СССРдин башкы санитардык врачы академик Бургасов Петр Николаевич сунуштаган экен. Муну ал согушта жүргөндө үйрөнүптүр. Ошондон тартып, 90 жаштан өтүп, өтө коркунучтуу инфекциялар менен иш алып барганына карабастан, ал грипп (сасык тумоо) гана эмес, бир да жолу суук тийип да оорубаптыр!
Бургасов Петр Николаевичтин сунушу:
-иште болобу, дүкөндөн соода кылгандабы, же коомдук унаага түшкөндөн кийинби, кыскасы адамдар менен тыгыз контакта болуп, кечинде үйгө кайтып келгенде колду сөзсүз самындап жуугула;
-Чимкирип туруп, чыпалагыңарды самындап алып, мурдуңардын ичин (таноолоруңардын) жакшылап сүргүлө;
-Кандай самын менен?
-Баардык самын жарайт, айрыкча канчалык жупуну болсо, ошончолук жакшы.

Бул метод илимий жактан негизделген. Эмне дегенде, вирусту алып жүргөн бир тамчы чимкирик 50дөн 100 микронго чейин көлөмдө болот, ошон үчүн ал таноонун ичинен чыкпай “камалып” калат. Чимкириктеги ал вирус инфекция пайда кыла электе аны “жууп” салыш керек. Вирус, самындан “коркот”.
Ушундай эле кеңешти Москванын башкы терапевти Леонид Лабезник да берип жатат: “Мен баарыңарга эртең менен кечинде таноолоруңардын ичин самындалган суу менен жууп тургула деп кеңеш берээр элем. Кызматтан, жумуштан үйгө кайтып келгенден кийин, колуңарды самындап жууган соң, самындын көбүгүн чыпалагыңар менен таноолоруңардун ичине сүртүп туруп, суу менен жууп салгыла. Бул процедуранын таптакыр зыяны жок, жана муну регулярдуу түрдө жасасаңар, грипптен да, суук тийүүдөн да 100% сактана аласыңар деп, кепилдик берүүгө болот! Сак саламатта болгула, кымбаттуу достор!”
Кытайдын коронавирусу адамзаттын жүрөгүнүн үшүн алып аткан учурда, сасык тумоо менен же суук тийип ооруп калып иммунитетиңерди алсыратпай, жок дегенде ушундай ыкмалар менен грипптин инфекциясынан сактангыла.
Abal.kg