Саясат

Кыргызстан-Кытай чек арасы жабылды

Кыргызстан Кытай менен чек араны убактылуу жапты. Бул туурасында КР премьер-министри Мухамедкалый Абылгазиев өкмөттүн жыйынында билдирди.

Премьер-министрдин айтымында, чек ара 23-январдан баштап жабылган. Бул Кытайдагы жаңы жыл тосуу майрамына карата жыл сайын кайталанчу көрүнүш. Андан тышкары  Кытай жактан ташылып келе турган  азык-түлүктөр да токтоду.

Өкмөт башчынын айтымында Кыргызстан  кытайдан чыгып жаткан коронавирусту жуктуруп албоо максатында орчундуу иш чаралар, коопсуздукту сактоо маселелери  көрүлүп жатканын кабарлады.  

“Биз атайын тепловизорлорду коюп, санитардык пункттар ишке кирди” деди Абылгазиев.  Чек арада катуу көзөмөл жүрүп жатканын белгиледи.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин билдирүүсүнө таянсак, коронавирус 14 күндүн ичинде гана билинет. Ушунча убакыттын ичинде ал башка адамдарга да жуктуруп алышы ыктымал. Учурда бул вируска каршы  ваксиналар  дүйнөдө чыга элек.  Ал эми Кыргызстанда дүйнөлүк аккредитациядан өткөн эки чоң лаборатория бар.  Андан тышкары щприц, антибиотик жана бет каптар да жетиштүү.  Азыркы тапта 3,5 миллион бет кап сакталып турат.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button