Коом

Мас абалында унаа айдаган судья кызматтан кетти

29-декабрда Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Элмира Сулайманова майрамдык корпоративден  келе жатып жол кырсыгына кабылган.

Окуя болгон жерде  анын жанында эч кандай документи болгон эмес. Соттук медициналык экспертизадан текшергенде анын мас абалында экени белгилүү болгон. Эльмира Сулайманованын мас абалында транспорт айдап жүргөнү боюнча ошол жерден эле протокол түзүлгөн.

Бирок өткөн жумада Сулайманова Жалал-Абад сотуна бул  боюнча арызданган эле. Ага айыппул салган жол көзөмөлдөө инспектору күнөөлүү таризинде жазылган.

Эльмира Сулайманова анын мас абалында унаа айдаганын жокко чыгарууга аракет жасаган.

Соттор кеңешине караштуу Тартип комиссиясы президентке Жалал-Абадда мас абалында машине айдады деп шек саналып жаткан судьяны кызматынан алуу жөнүндө сунушун жөнөттү.

Тартип комиссиясына Жалал-Абад шаардык сотунун судьясын кызматтан алуу маселесин кароо тууралуу Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева сунуш киргизген.

Мекеменин маалыматына караганда, төрайымдын сунушун Тартип комиссиясы канааттандырып, судьяны кызматтан алуу жөнүндө сунушту президентке жөнөттү.

«Судья Ар-намыс кодексинин талаптарын сактоого милдеттүү жана судьянын кадыр-баркына шек келтирген нерселерден алыс болушу керек. Буга байланыштуу Жогорку соттун төрайымы Соттор кеңешин караштуу Тартип комиссиясына судьяны мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу тууралуу сунуш жөнөткөн. Тартип комиссиясынын 27-январдагы чечими менен бул сунуш канааттандырылып, судья Элмира Сулайманова тартип жообуна тартылып, ага карата мөөнөтүнөн мурда иштен бошотуу жазасы көрүлдү. Бул чечимдин негизинде президентке аны мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу боюнча сунуш жөнөтүлдү» деп билдирди Жогорку соттун басма сөз кызматы.

Милициянын маалыматына караганда былтыр 30-декабрга караган түнү Жалал-Абад шаарында жергиликтүү телеканал менен бирге атайын рейд уюштурулган. Рейд учурунда «Тойота» үлгүсүндөгү автоунаа «Нексия» машинесин сүзүп алган. Текшерүү «Тойота» машинесинин айдоочусу, судья Элмира Сулайманова автоунааны жанында документтери жок, мас абалында айдап баратканын аныктаган. Натыйжада Сулайманованын машинеси токтотмого коюлуп, айып салынган.

Кийин Элмира Сулайманова жол кыймыл коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн кенже тескөөчүсү ага карата түзгөн протоколду жоккочыгарууну суранып өзү иштеген Жалал-Абад шаардык сотуна кайрылган.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button