Саясат

Кыргызстандагы 355 жетим балага 8 млн 552 миң сом таратылат

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги «Ассанабил» кайрымдуулук фондунун колдоосу менен 355 жетим балага 8 млн 552 миң сом таратат.

2020-жыл Президенттин жарлыгы менен Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыяланган. Анын алкагында, “Ассанабил” коомдук-кайрымдуулук фонду 29-январда Чүй облусунун аймагындагы 180 жетим балага ай сайын берилүүчү 40 доллар өлчөмүндөгү жөлөк пулун чогултуп, бир жолу тапшырат.

Иш-чара Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги менен биргеликте уюшулуп, ага министр Улукбек Кочкоров катышат.

“Биздин “Ассанабил” коомдук-кайрымдуулук фонду быйылкы балдарды колдоо жылына карата, “балдар биздин бактыбыз — 2020” аттуу көӊүл ачуучу чоң программадагы майрамдык иш уюштуруп жатабыз. Ар бир балага жөлөк пул жана белектер менен бирге 2019-жылдын толук бир жылдык жөлөк пул (айрымдары 6 айга) берилет. Жалпы республика боюнча 355 балага 2019-жылга карата 8 млн 552 миӊ сом өлчөмүндө акча тапшырылат. Мындан ары дагы квартал сайын жөлөк пул берүүнү улантабыз”-дейт фонддун өкүлү Рахматулла Мухаммед.

Аталган фонд буга чейин жетим балдарга 40 доллар өлчөмүндө жөлөк пул берип келген. Быйыл, балдарды колдоо жылына байланыштуу 1 жылдык жөлөк пулду чогуу берүү чечимин кабыл алышкан. Иш-чарага Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров катышат. Активдүү жарандарды, массалык маалымат каражаттарын келип катышып кетүүгө чакырабыз.

Тапшыруу аземи Бишкек шаарындагы “Ала Арча” соода борборунда, саат 11:30да башталат.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button