Австралияда коронавирустун дарысы табыла турган жаңылык болду

Австралиянын илимий институтунда окумуштуулар жаңы коронавирусту ийгиликтүү өстүрүүгө жетишишти. Бул жагдай эл аралык лабораторияларды азыркы жайылып аткан инфекция менен күрөшүү үчүн маанилүү маалыматтар менен камсыз кыла алаарын, Мельбурндагы Доэрти Институтунун маалымат булагы билдирди.
Институттун маалымдоосуна карганда, вирус коронавирус жуктуруп алган оорулуунун бирөөнөн алынган үлгүдөн өстүрүлгөн. Бул окуя коронавирустун ушул тибин Кытайдан сырткары жакта өстүрүүгө жетишкен биринчи натыйжа болуп саналат.
“Кытайдын бийликтери жаңы коронавирустун геномдук ыраатын жарыялашкан. Бул диагностикалоо үчүн маанилүү жагдай болчу. Эми вирустун накта өзүн өстүрүп алгандан кийин, анын баардык анализдик методдордун табууга жана текшерүүгө, ошондой эле вирустун талуу жерин жана өзгөчөлүктөрүн билүүгө мүмүкүнчүлүгүбүз бар. Бул коронавирусту диагностикалоодогу чоң секирик болуп саналат”, деп айтылат вирус табуучу лабораториянын башчысы доктор Джулиана Дрюстун билдирүүсүндө.
Анын айтуусуна караганда, өстүрүлгөн вирус Австралияда дартты аныктоого пайдаланылат жана аны Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен кызматташкан лабораторияларга жөнөтүшөт.
Эскерте кетсек, Кытайда жаңы коронавирустун курмандыктарынын саны 132 кишиге жетип, 6 миңге жакын адамга жуккан.

Abal.kg