Коом

Илим Карыпбеков көчөдө заара ушаткандарды ЖКга шайлаш керектигин айтты

КТРКнын экс-директору Илим Карыпбеков  социалдык тармактарда активдүү отургандардын катарын толуктайт.

Ал бүгүн Инстаграмдагы баракчасына коомдук маршруттан түшүп келаткан кишинин сүрөтүн жүктөп:

“Бул досту эмнеге сөгүп жатканыңарды билбей койдум. Түшүнбөгөн ващекенсиңер! Эй бул азамат экен. Эмне кылсын анан бул брат?! Эй, бул азамат силерди суукта көчөдө тоңуп турбасын деп, элди ойлоп, көчөдө даараткана издеп убакыт коротпой, эл үчүн маршруткамдан сиймек турсун, чычып деле коём если нада деген даана патриот жигиттерден экен. Мынчалык элди ойлоп эл үчүн репутациям өлүям кетсин деп, убакытты ушунча бийик баалаган адамдамды көптөн бери көрө элек болчумун. Мына ушуну шайлаш керек ЖоКеге»,- деп жазды.

Эскерте кетсек, Илим Карыпбеков  коомчулукта болуп жаткан окуяларга кайдыгер карабай, какшык иретинде пикирлерди жазып турат. Анын Инстаграм баракчасында катталуучулардын саны арбын болгондуктан, Илим мырзанын ар бир жазган пикири коомчулукта пикир жаратып турат.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button