Аналитика

Карапайым эл Президентке гана ишеним артат

Элдин, үмүтү, ишеничи албетте, эл башчысында болот. Карапайым калкыбыз ансыз деле сабырдуу, ынтымактуу эл эмеспи. Ошентсе да укугу бузулган учурда, жергиликтүү бийликке нараазы болгондо, мамлекет тарабынан жаран катары жардам, колдоо албаганда арызданат, таяныч издейт.

Мунун баарын турмуш далилдеп келет. Мисалы, 2019-жылы Президенттин атына жана аппаратына 15305 кайрылуу келген. Ал эми 2018-жылы 17827 кайрылуу түшкɵн. 2019-жылы бул кɵрсɵткүч 2522ге азайган. 2019-жылдагы кайрылуулардын көпчүлүгү сот жана укук коргоо органдарынын ишине байланыштуу жазылган.

24-январда ɵткɵрүлгɵн Коопсуздук кенешинин жыйынында Президент сот, прокуратура, финансы полициясына, аткаруу бийлигине бир катар олуттуу сындарды айтып, кемчиликтерди ашкереледи. А тургай даректүү ачуу сɵздɵрдү айтты. Президент бул жолу да талаптарды ɵтɵ катуу койду. Коррупция менен күрɵшɵ албагандар кызмат ордуңарды бошоткула деди. Ѳзүн-ɵзү билген сот, укук коргоо органдарына коңгуроо какты. Коом менен бийликтин ортосундагы ишеним жоголуп, баардык аткарылбай жаткан иштер үчүн дарегине сɵз тийип жатканын Президент Сооронбай Жээнбеков баса белгиледи.

Чынында эле карапайым калкка эмне керек? Коопсуз жашоо, ɵнүккɵн экономика, жумушчу орундар, гүлдɵгɵн айыл-шаарлар, акысыз билим алуу, акысыз бала бакчалар, мамлекеттик кепилдиктер, ар түрдүү социалдык камсыздоолор керек! Эгемендүүлүк алгандан бери энергетикалык кɵз карандылыкка жетебиз деген Камбар-Ата-1-2 ГЭСтери, Датка-Кемин кɵмɵк чордону, Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолу, мамлекеттик тарых музейин жана Бишкек ЖЭБин реконструкциялоо деген сыяктуу ири долбоорлор коррупциянын очогуна айланып, акырында бир нече аткаминерлерибиз камалып, жаза мɵɵнɵтүн аткарып жатышат. Мындай кадамдарга барган Президенттин чечимин коомчулук ар кандай кабыл алды.

Айрымдары туура болду, мамлекеттик тоногондорго ушундай жаза болуш керек десе, айрымдары «биздин бала» деген түшүнүк менен каршы чыгып жатышты. Кандай болгон күндɵ да акыркы учурлардагы жогорку кызматтардагы аткаминерлерди камоолор, бүгүнкү жана эртенки аткаминерлерге сабак болбой жаткандай. Антпесе, министрдин орун басары (жол, транспорт), аймактык башкармалыктын башчысы (юстиция), мамкаттоонун кызматкери ири сумма менен кармалып, ɵлкɵдɵгү президент жасап жаткан саясатка каршы иштебейт эле деген ой кетет.

Президент Коопсуздук кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча чечимге 28-январда кол койду. Анда бир катар мамлекеттик органдын жетекчилерин «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу калкка санариптик мамлекеттик кызмат көрсөтүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүнү жана биринчи кезектеги маалымат базаларын иштеп чыгууну, «Мектеп медицинасы — IT-бейтапкана» жана «Акылдуу мектеп» долбоорлорун 2019-жылдын 1-июлунан тартып киргизүү боюнча формалдуу иш жүргүзгөндүгү, ошондой эле маалымкаттарды автоматташтыруу процессин создуктургандыгы үчүн сөгүш жарыялоо жана айрымдарына эскертүү берүүнү, кызматтан бошотууну 1-февралга чейин ишке ашыруу тапшырмасы Ѳкмɵт башчы М.Абулгазиевге жүктɵлдү. Ошондой эле коррупция менен күрɵшүүнү күчɵтүү максатында бир катар даректүү тапшырмаларды берди.

Алар: Ѳкмɵт менен биргеликте 2020-жылдын 1-июнуна чейинки мɵɵнɵттɵ 2020-2024-жылдарга Антикоррупциялык саясатынын мамлекеттик стратегиясынын долбоорун иштеп чыгып, Коопсуздук кеңешинин кароосуна киргизүүнү:

— заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга жараша коррупцияга каршы аракеттенүүнүн мыйзамдуу негиздерин түзүү;

— коррупцияга каршы аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттары;

— коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүүгө багытталган ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу;

— коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү начар иши жана алар жетектеген мамлекеттик органдардын ишине антикоррупциялык механизмдерди киргизүү боюнча чараларды көрбөгөндүгү үчүн мамлекеттик органдардын жетекчилигинин жоопкерчилиги;  

— мамлекеттик органдардын жана жарандык коомчулуктун институттарынын антикоррупциялык күч-аракеттерин координациялоо механизмин түзүү;

— өлкөдө жана ар бир тармакта коррупциянын абалына баа берүүнүн жаңы критерийлерин иштеп чыгуу;

— ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна жана колдонулуп жаткан мыйзамдарга антикоррупциялык экспертиза жүргүзүүнүн натыйжалуу механизмдерин киргизүү.

Албетте, акыркы ɵткɵрүлгɵн Коопсуздук кеңешинин жыйыны коомчулукта бийликке болгон ишенимди кɵтɵрдү десек болот. Анткени, Президенттин жеке талабы менен соттун судьялары (А. Сулайманова) жана прокурор (Б.Рыскулов) кызматтан алынды. Алдыда дагы бир катар аткаминерлер Коопсуздук кеңешинин эпкини менен «эс алууга» кетишээри күтүлүүдɵ.

Сайрагул Дуулатова, журналист

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button