WhatsApp аркылуу коронавирус тууралуу жалган маалыматтарды тараткан жаран кармалды

Россияда жашап, иштеп жүргөн кыргызстандыктар арасында «Кыргызстанда коронавирус катталды» деген такталбаган, чагымчыл материалдарды WhatsApp жана башка соцтармактар аркылуу таратып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.
Чагымчыл мүнөздөгү маалымат коомчулукка тез тарап, эл арасында кооптонууну пайда кылууда.
Россиядагы ИИМ өкүлдөрү Мыйзамсыз миграция жана экстремизмге каршы аракет көрүү боюнча кызматы менен биргеликте иликтөө жүргүзүштү. Жыйынтыгында Ош облусуна караштуу Ноокат районунун 1992-жылы туулган Ж.Ы. аттуу тургуну (Москвада кампалардын биринде иштейт) маалыматтарды таратып жүргөнү аныкталды. Ага жалган маалымат таратканы үчүн жазага тартылары эскертилди.
Жалган маалыматтарды тараткан Ж.Ы. күнөөсүн моюнуна алып, материалдарды интернет булактарынан, ошондой эле Казакстанда жүргүзүлгөн коронавируска каршы реакция кылууга окутуу сабактарынан алганын билдирген.
Эскерте кетсек, коомчулукту кооптондурган «коронавирус Кыргызстанда катталды» деген билдирүүлөр WhatsApp жана социалдык түйүндөр аркылуу тарап, КР ИИМ мындай жалган маалыматка ишенбөөгө чакырган эле.
Abal.kg