Коронавирус Кыргызстанга келбейт! Тынчсыздануунун кажети жок экенин вирусологдор айтышты. Себеби…

Дүйнөгө кооптонуу жараткан коронавирус оорусунан көз жумгандардын саны 130дан ашты. Ал эми 110 го чукул адам бул дарттан айыгып чыгышты.
Кытайда бул оору менен күрөшүп жатышат. Ал эми ага чектеш жайгашкан мамлекеттерде дарттын жайылып кетүү коопсуздугу каралууда. Түштү Корея, Камбодже, ОАЭ, Япония, АКШ, Таиланд, Канада, Вьетнам, Сингапур, Непал, Франция, Австралия, Малайзия, Германия жана Шри-Ланкада бул ооруну жугузуп алган адамдар табылды.
Вирус аба аркылуу бир-эки метрден жугушу мүмкүн. Андан сырткары колун жуубай, көзүн ушалаганда да жугуу коркунучу бар. Эң негизги белгилери кургак жөтөл, оор дем алуу, жогорку температура, жана дененин алсыздануусу. Кээ бир учурда бул оору анча-мынча кургак жөтөл, бирок дене табы өтө ысыбай деле байкалышы мүмкүн. Мындай учурда оорукчан башка адамдарга да жуктура алат.
Улуттук Изилдөө Институтунун вирусологдору коронавирусту абасы кургак өлкөлөргө тарабайт деген жыйынтык чыгарышты. Алардын айтымында бул оорунун вирустары климаты нымдуу жерлерде өөрчүйт. Андан тышкары бул оору Армения менен Кыргызстанда болушу мүмкүн эмес, себеби бул өлкөлөрдүн абасы өтө кургак жана тоолуу аймакта жайгашкандыктан вирус жашай албайт. Бул оору дарыланууга оңой дейт адистер. Ал эми дени сак адамдарда бул вирус анчалык деле көйгөй жаратпайт. Ошондуктан адистер адамдарга иммунитетти көтөрүү керектигине кеңеш беришүүдө.
Вюрцбургдагы Missio клиникасынын башкы дарыгери бул вирусту тропикалык оору катары сыпаттап, эч кандай чочулоонун кажети жок экенин айтты. Клиниканын башкы дарыгери Андрю Штих: “бул вирус дүйнө жүзүнө тарачу вирустардын катарына кирбейт” дейт. Тропикалык нымдуу климатта жашагандар үчүн коркунучтуу жана тез жайылаарын эскертти.
Ал эми климаты кургак жана тоолуу аймактарда мисалы: Скандинав жарым аралында, Кавказда жана Борбор Азияда анын ичинен Кыргызстан менен Тажикстанда бул вирустун жайылышы мүмкүн эмес. Ошентсе да Индо-Кытай аймактарында жана Түштүк Америкада, Борбордук Африкада бул вирустун тарап кетүү коркунучу чоң.
Учурда бул вирус тууралуу дүйнөдөгү кыйын адистер изилдеп жатышат. Жакынкы аралыкта эксперттер вирус жуккан адамды тез эле биле тургандай ыкманы жарыялашат. Андан тышкары бул оору дарыланууга жеңил экенин улам эскертүүдө. “Эгерде биз жеке гигиенаны жакшы сактап, азырынча Кытайга барууну токтотуп турсак, бул вирустан алыс болобуз” деп билдирди Вюрцбургдагы Missio клиникасынын башкы дарыгери Штих.
Abal.kg


