127 жаштагы эң кары аял Фотима Мырзагулова каза болду

Дүйнөдө эң узак жашаган адамдар саналуу гана. Алардын бири Тажикстандын Аштск районунун тургун 127 жаштагы Фотима Мырзагулова жакында эле каза болду. Ал өмүрүндө үч кылымды көрдү десек болот.
Фотима Мырзагулова 1893-жылы 13-мартта төрөлгөн. Ал Бухар эмиратын, кийин СССР доорун, андан кийин эгемендүү Тажикстанда жашады. Бул аял жашоосунда эки жолу турмуш курган. Беш кыз, үч уулу, 200дөн ашуун небере, чөбөрө, кыбыралары бар. Ал дайыма кыймылда болуп, 125 жашка чыкканча үй-тиричилигин, чарбачылыгын өзү жасачу.
Кыздарынын айтымында анын мүнөзү абдан жумшак жана көп нерсеге капаланчу эмес. Өмүрүндө таптакыр саясатка кызыкпаптыр, ушак айтпаптыр. Бакчада кыймылдап, кыбырап, жаны тынбай эле иштеп жүрө берчү, короону тазалап, майда жандыктарды өзү карачу.
Фотима Мырзагулова Гиннестин рекорддук китебине кирген жок. Себеби, аны убагында эстеп, киргизиш керек деген деле адам болгон эмес. Ал жашоосунун дээрлик баарын Дахан айылында өткөргөн жана каза болгондо акыркы сапарга ошол айылдан узатылды.
Дүйнөдөгү эң узак жашаган француз аял 122 жаштагы Жанна Луиза Калмент Гиннестин рекорд китебине кирген. Ал 1997-жылы каза болгон.
Ал эми дүнөдөгү эң улгайган кезде балалуу болуп, өзү төрөгөн аял Ула Маргушева болгон. Ал Кабардино-Балкариядагы Каменомостк айылында жашаган. 1963-жылы 79 жашында биринчи жолу төрөгөн. Ула ага чейин эки жолу турмушка чыгып, бирок балалуу боло алган эмес. Себеби, дарыгерлер ага тукумсуз деген диагнозду коюшкан. Экинчи жолдошу каза болуп калган кезде 80 жаштагы Татым аттуу карыя анын колун сураган. Ошол учурда Ума салмактуу, толук аял эле. Ал өзүнүн кош бойлуу экенин да билбей, көп убакытка чейин жүргөн. А түгүл Ума ушундай куракта боюна бүтүп, кош бойлуу болуп калам деп ойлогон да эмес. Аман-эсен көз жарып, баласын чоңойтуп, бутуна тургузуп, үйлөнтүп жайланткан. Бирок баласы 2005-жылы боорунан жабыр тартып, каза болуп калган. Ал эми Ула 2009-жылы 125 жылдыгын белгилегенден кийин гана көз жумган.
Abal.kg



