Дүйнө

Метеорологдор эскертет: 2020-жылдан тарта күн катуу ысыйт

Британиялык  метеорологиялык кызматтардын маалыматтарынын негизинде Sky News каналы 2020-жылдан 2024-жылга чейин дүйнөлүк масштабда рекорддук деңгээлдеги аба-ырайы өтө катуу ысык болоорун, ушул бейшемби күнү билдирди.

Эксперттер  келаткан беш жылдын орточо температурасы адамзаттын өнөржай өнүккөнгө чейинки дооруна караганда Цельсия боюнча 1,15 — 1,46 градуска жогору болоорун айтып чыгышты.

Ошол эле учурда Sky News өткөн беш жылдык дагы өтө ысык деп эсептелип, Цельсия боюнча 1,09 градуска жогору көтөрүлгөнүн эскертти. Окумуштуулар дүйнөлүк температуранын   жогорулашын климат боюнча 2015-жылкы Париж келишиминде эскертилгендей, Цельсияны1,5 градустан жогорулатпай кармап туруш керек деп эскертишүүдө, деп белгиледи телеканал.

Ысык биринчи кезекте, Европанын, Азиянын жана Түндүк Американын, ошондой эле Түндүк Атлантиканын түндүк бөлүгүндөгү райондорунда көтөрүлөөрү белгиленген.

Жер шарындагы температуранын жогорулашынын 55%ы биринчи кезекте глобалдык масштабда абага бөлүнүп чыгып, тарап аткан газ менен буулануунун  натыйжасы экени БУУнун 55 мамлекет ратификациялаган Алкактык конвенциясында белгиленген.

Климат боюнча Париж келишимин Россия 2019-жылы гана ратификацияласа, АКШнын президенти Дональд Трамп 2017-жылы бул келишимден АКШ чыгаарын жар салган. Париж келишими АКШны 2025-жылга карата абанын газ менен буулануусун  2005-жылга салыштырмалуу 26-28%га төмөндөтүүгө милдеттендирген болчу.

Ысыктын күчөшү жер шарын толук бойдон суу каптап калуу коркунучуна алып келет. Климаттын мындай өзгөрүүсүнө карата азыр ушул тапта дүйнөлүк масштабда Швециялык 16 жашар окуучу Грета Тунберг баштаган кыйымыл кулачын кенен жайууда.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button