Коом

Айеркен Саймаитини өлтүрүүгө Сириядан буйрук келгенби?

Кытайлык ишкер Айеркен Саймаитини өлтүрүүгө Сириянын жараны буйрук берген деген версия бар экенин бүгүн, 31-январда депутаттык комиссиянын отурумунда УКМКнын тергөө башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Сагынбек Самидин уулу билдирди.

Жогорку Кеңеште Түркияда киши колдуу каза болгон Айэркен Саймаити боюнча депутаттык комиссиянын жыйыны өттү.

Сагынбек Самидин уулунун маалыматында, Айеркен Саймаитини өлтүрүүгө буйрук берген адамдын террористтик ишмердүүлүккө тиешеси бар болушу мүмкүн. Ал эми буйрукту Өзбекстандын жараны аткарган деп билдирди Сагынбек Самидин уулу.

Эскерте кетсек, кытайлык ишкер Айеркен Саймаитини өткөн 2019-жылы Туркиядан өлтүрүп кетишкен эле.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button