Коом

Кыргызстанга жарым миллион беткап (маска) алынып келинет

Саламаттык сактоо министирлиги Кыргызстандагы фармкомпанияларга, дарыканаларга жана дарыкана пункттарына беткапты сатууда чектөөлөрдү киргизди.

Маалыматка караганда, калкты беткаптар менен бирдей камсыз кылуу максатында, ушундай сунуш кабыл алынган.

Министрлик бир кишиге 20дан ашык беткап сатпоого чакырат.

«Беткапты Орусия, Казакстан жана Кытайдан алып келүү убактылуу токтотулганына байланыштуу, министрлик башка мамлекеттерден алып келүүнү кароодо. Учурда Түркия, Корея жана Индия мамлекеттери менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Дүйшөмбү күну 500 миң беткап республикага алып келинет. Дарыканаларда медициналык беткаптардын, вируска каршы дарылардын саны жетиштүү.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button