Аналитика

Түкүрсөң – коронавирус таратасың, саламдашсаң – жугузасың

Биринчи жагдайдын жайы мындай.

Азыркы ЖКнын депутаты Акылбек Жапаров бир кезде малга паспорт бериш керек дегенде, кыргыздын баары шылдыңдап күлүштү эле. Кийин кыргыздын малынын этин чек арадан өткөрбөй кыйнаганда, паспорт түгүл метрикасын кошо алып берүүгө жандалбастадык. Кыскасы, “көсөөнүн акылы түштөн кийин” деген ушул. Анын сыңары, түкүрүккө айып салып атат мамлекет деп, ач айкырык куу сүрөөн салып атып, эми каалашыбызча, каалаган жерибизге түкүрүп-какырып, “жыргап” калдык, эч кимдин иши жок. Бирок, балакет басып,  кытайдын коронавирусу чыккандан кийин, ал “жыргалыбыз” кууралга айланбаса экен деп, чочуй баштадык. Анткени, коронавирусуң, кашайып аба анан тамчы аркылуу жуга турган (“воздушно-капельным путем” дейт экен аны)  балээ экен. Бир-эки метр жерден оорулуу киши чүчкүрдү дегиче эле, аба менен калкып келип, чүчкүрүктөн чыккан тамчы менен учуп келип жармашат экен, соо кишиге. Эми элестетип көргүлө – оорулуу кыргыз киши баягы көнгөн адатынча түкүрүп-какырса, канча вирусту жерге жайнатаарын. Ал вирусту канча киши буту менен басып өзүнө жугузуп, кургай түшкөнүн чаңдатып айлана-тегеректегилерге таратаарын. Бул жанагы туберкулездун таякчасын жугузбаш үчүн түкүрбө дегендин так өзү да. Анан ушундай масштабада түкүрүп көнгөн эл, эрен-төрөн албай ошончо вирусту кошо түкүрүп турса, кандай масштабда жайылаарын элестетип көргүлө! Так ошондо “малга паспорт берчү беле” шылдыңдай коем деп, кийин башыбызга түшкөндө эсибиз эки кеткен сыңары, эмнеси бар экен деп түкүрө коюп, вирусту жайылтып ийип шорубуз катпасын?! Ошондо, түкүрө коем деп, бүтүндөй улуттун саламаттыгына ушинтип кыянаттык кылып коебуз да. Ушунчаңда, ойлон кыргыз!

Экинчи жагдай мындай.

Вирус жайылып аткан кезде кол беришип саламдашпагыла, өбүшүп көрүшпөгүлө, вирусту жугузуп аласыңар, деп какшап жазып, айтып атышат, медиктер, илимпоздор. Ал эрежени катуу сакташ керек экен. Саламдашпай койду деп тултуймай адатыбызды таштап, саламаттыгыбызды ойлойлу. Вирус өтүп кеткенден кийин саламды кабат-кабат беришсек болот. Буга биздин эркибиз жетет деп ойлойм.

Үчүнчү жагдай.

Вирусту сырттан, коомдук унаанын ичинде, эл топтошкон жайларда, жанагинтип түкүрккө толгон көчөлөрдө жугузуп алышыбыз мүмкүн экен. Коомдук унаада дартка чалдыккан адам чүчкүрүп-бышкырып виурсту айланасына бир жуктурса, бусиктин, троллейбустун, автобустун кармагычтарын кармап, экинчи ирээт ооруну таратат экен. Коомдук жайларда болсо түшүнүктүү – эл көп. Жөтөлөт, чүчкүрөт ошентип башкаларга жайылтат. Көчөдөн болсо тигинтип түкүрүк менен жугат. Ошондуктан сырттан үйгө келгенде, улаганы аттар замат, эч нерсеге буйдалып, эч нерсени кармабай-этпей туруп, колуңарды жакшылап самындап (!)  жууп туруп, анан андан аркы ишиңерди жасагыла деп атышат, медитер менен адистер. Аны бөркүбүздөй көрүп, ишке ашырып турушубуз керек экен, саламаттыгыбыз сак болсун десек.

Төртүнчү жагдай.

Азыр чөнтөк телефонсуз ким бар? Эч ким жок. Башкаларын айтпай эле коелу, жада калса өбөктөп калган абышка-кемпирден бери эртеден кечке телефонун тиктеп олтурат. Медиктер да, адистер да кайра-кайра эскертип атышат, ошол чөнтөк телефондоруңарды таза кармагыла, нымдуу салфетка менен кайра-кайра сүрүп тургула, болбосо алар вирустун очогу болуп калышат деп. Туура. Коомдук унаанын ичинде баратсак да колубузда телефон. Жөн колубузда эмес, вирус жуккан колубузда. А телефонго колубуздан жугат вирус. Колубузга болсо тигинтип кармагычтарды кармап киргенде жугат. Айдоочу акчаны кайтарып берип атканда жугат. Анткени, акчаны оорулуу киши кармаса, анда вирус калат. Анын баарын колубузга жуктуруп алып, анан биз жайгашып олутурган соң, же ыңгайлашып туруп алгандан кийин чөнтөк телефонубузду алып чыгабыз. Бүттү, ошол маалдан тартып телефонго вирус жайылат. Үйгө келип, колубузду жууп, кайра телефонду кармайбыз. Телефондогу вирус дароо жуулган таза колго өтүп, кайра жугаары турган иш. Ошол бойдон барып, тамак ичебиз, вирустуу колубуз менен нан сындырып жеп ж.б.у.с. Бүттү, вирус дароо организимге өтөт.

Бешинчи жагдай.

Планшет, ноутбук, компьютерлериңердин клавиатурасын таза кармагыла деп аташыт, баягы элек медиктер менен адистер. Туура. Анткени, кокус таза эмес колуңар менен клавиатурага тийсеңер эле, анда вирус калат. Колуңарды жууп келип клавиатураны бассаңара кайра колуңарга вирус жугат. Ушундай эле жагдай жүз аарчы менен да байланыштуу экен. Жүз аарчыга чүчкүргөндө, жөтөлгөндө эле эмес, чөнтөгүбүзгө жуула элек колубузду салсак эле, кийимге да ага да вирус жугат. Андыктан чөнтөктү да, жүз аарчыны да таза кармашыбыз керек экен.

Демек, жеке гигиенабызды сактасак, көчөлөрдү түкүрүк-какырык менен булгабасак, эл көп чогулган той-топурларды токтотсок, кино-концерттерге баруудан убактылуу баш тартып турсак, коронавируска чалдыгуудан, жайылтуудан алыс болуп, калкыбыздын саламаттыгын сактап калууга болот экен.

Кыскасы, көп нерсе өзүбүзгө байланышкан.

P.S. Өзгөчө дүкөндөргө киргенде тамак-аш салынган баштыктарды, себепсиз эле кармоого болбойт деп жатышат дарыгерлер. Себеби, ар кандай оорулуу адамдар кармаса баштыкта вирус калып калат деп эскертишүүдө.

Ысмайыл Усупов

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button