Хабиб жеңилбес Мейвезер менен мушташса 100 миллион алат

Кыргыздарга эң сонун тааныш, россиялык аралаш стилдеги (ММА) мушташтын чыгааны Хабиб Нурмагомедовдун менеджери Али Абдель-Азиздин айтуусуна карганда Сауд Арабиясы анын америкалык боксер Флойд Мэйуэзер (Мейвезер) менен мушташына кызыкдар экен. Бул туурасында TMZ Sports билдирди.
Абдель-Азиздин сөзүнө караганда, 31 жаштагы Хабибге Эр-Риядда Мэйуэзер менен мушташып берсе 100 миллион доллар сунушталыптыр.
Нурмагомедовдун менеджери, ошол эле адамдар аны дагы эле Сауд Арабиясынын борборунда Конор МакГгрегор менен экинчи жолу 100 миллион долларга мушташууга көндүргөнү жатышат деп белгиледи.

Ушул жылдын 19-апрелинде Абсолюттуу мушташ чемпионатынын (UFC) турниринде Хабиб америкалык Тони Фергюсон менен мушташат. Бул уюмдун башчысы Дэйн Уайт. Эгер бул беттешүүнү Хабиб жеңсе, анда ал МакГрегор менен кайра мушташат деген тилекте экен.
UFC турнириндеги Хабиб менен америкалык Дастин Порьенин эрөөлү Сауд Арабиясынын Абу-Даби шаарында 2019 –жылы 7-сентябрда өтүп, россиялык UFCдун чемпионун титулун сактап калган. Дастин Порье (Пуаре) бул беттешүүдөн кийин кадимкидей ызаланып ыйлаган.

Мэйуэзер менен Хабибдин мушташышы мүмкүн экени, 2018-жылы октябрда, Нурмагомедов МакГрегорду жеңгенден кийин сөз боло баштаган. Хабиб анда Мэйуэзерди эрөөлгө чакырган.
Нурмагомедов — UFCтун жеңил салмактагы чемпиону. 28 жолу жеңип, бир да жолу жеңилген эмес.
Америкалык боксер кенже Флойд Мейвезер (Мэйуэзер) дүйнөдөгү азыркы кездин эң атактуу боксеру. “Жеңилбес” деген титулу бар. Рингде 50 жолу беттешип, 27син нокаут менен жеңген. Бир да жолу жеңилген эмес. 43 жашта. Сологой. 2017-жылы 27-августа Мейвезер 10-раундда коргонууга шайы келбей калган Конор МакГрегорду жеңип алган.
Abal.kg