Дүйнө
Кытайдан тышкары жерде коронавирустан көз жумган биринчи факты катталды

Коронавирус 2019-nCoV менен жабыркаган бейтаптын Кытайдан тышкары жерде биринчи жолу каза тапканы Филиппинде катталганын, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына таянып Bloomberg агенттиги билдирди.
Каза тапкан адам Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча Филиппинге келген Ухань шаарынын 44 жаштагы тургуну экен.
Коронавирустан көз жумган адамдын колуктусу да кошо келген экен, учурда ал ооруканада дарыланып жатат.
Бул Кытайдан тышкаркы жерде коронавирустан көз жумган биринчи факт болуп калды.
Эскерте кетсек, учурда коронавирустан көз жумгандардын саны Кытайда 304 адамга жетти.
Abal.kg



