Коом

“Белегим… Демим… Жантеңим…” аттуу жаңы китеп жарыкка чыкты

Кечээ, 2-февралда жаңы “Белегим… Демим… Жантеңим…” аттуу китеп жарыкка чыгып, коомчулукка сунушталды.

Буга чейин “Көк асаба” агартуу жана маданият борборунун алдында чыккан “Жашоонун сыры кайда катылган?” китеби миң нуска менен чыгып, бир жылга жетпей сатыкта калбай калган эле. Мына эми кечээ, 02.02.2020 күнү аталган борбор өздөрүнүн кызыктуу экинчи бир китебин чыгарып, сатыкка коюшту.

Жаңы китеп  “Белегим… Демим… Жантеңим…” деп аталып, жаштардын кеңири чөйрөсүнө багытталган. Мында, “Көк асаба” коомдук-руханий гезитине учурунда чыккан арзуу тууралуу материалдардын топтому кирип, чакан китептин ичине элдик арзуу каттары, дүйнөлүк атактуулардын каттары, акыл-насаат иретиндеги сүйүү саптары, акыл-сабактары, афоризмдер жана бата-сөздөр камтылды. Китеп азырынча Бишкектин “Дидар” (0778 522 947),  “Book Houze” (0559 501 509;  0706 501 509) жана “Шанс” (0703077759) китеп дүкөндөрүндө сатылууда. Жакынкы күндөрү башка китеп дүкөндөрүнөн да тапсаңыз болот.

Китептин ичиндеги айрым баракчаларынын мазмундары.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button