Кытайда коронавирус менен ооруган кош бойлуу аял дени сак бала төрөдү

Кытайдын Хэйлунцзян провинциясындагы Харбин шаарынын ооруканасында коронавирус жуктуруп, дарыланып жаткан аял ден соолугу чың кыз төрөдү. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат порталы жазып чыкты.
Бул келиндин кош бойлуулулугу 38-жумасында болгон. Кош бойлуу келиндин абалы күндөн күнгө начарлап бара жаткандыктан дарыгерлер операция жасоону чечишкен. Жыйынтыгында 3,05 килограмм салмактагы кыз жарыкка келди. Наристе карантинде, эки ирет коронавируска алынган анализ анын саламаттыгы жайында экенин тастыктады.
Ушу тапта эне-баланын абалы туруктуу деп бааланууда.
Эскерте кетсек, учурда коронавирус дартын жуктуруп алгандардын саны 20 миңден ашып, 420дан ашуун киши каза тапты. Басымдуу бөлүгү Кытайда. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 2019-nCoV вирусунун жайылышын эл аралык маанидеги өзгөчө кырдаал деп атады.Бул вирус дүйнөнүн башка аймактарында да катталды.
Abal.kg



