Кызганычтан улам кош бойлуу аялын өрттөп жиберди
Кызганычтан улам кош бойлуу аялына бензин чачып, өрттөп жиберген өзбекстандык жаран кармалды.
Өзбекстанда күйөөсү аялын “көзүмө чөп салдың” деген күмөн менен лифтте бензин чачып, өрттөп салган. Бул тууралуу өзбек маалымат каражаттары Жизак шаардык прокуратурасынын басма сөз кызматына таянып билдиришти.
Бул үрөй учураган окуя жакында эле 31-январында болгон. С.Х. аттуу жаран жубайын чыккынчылыкка шектеп, Жизак шаарынын Мустакиллик көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги лифтте жубайлар ортосунда жаңжал чыгат. Уруш күчөп отуруп, күйөөсү аялынын кош бойлуу экенин билип туруп, өлтүрүү максатында өзү менен ала келген бензинди ага чачып, өрттөп салган.
Аталган факты боюнча Жизак шаардык прокуратурасы Өзбекстан өлкөсүнө тиешелүү мыйзамдар боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал эми өрттөлгөн кош бойлуу аял тууралуу азырынча толук маалымат бериле элек. Анын тирүү же өлгөнү тууралуу азырынча белгисиз.
Ал эми кош бойлуу аялыне өрттөп өлтүрүүгө аракет жасаган кылмышка шектүү жаран учурда темир торго камалды.
Abal.kg