Кытай коронавирусту жеңди

Бүгүнкү күндө социалдык тармактар коронавирус боюнча жалаң фейк, туура эмес маалыматтарга толуп кеткенин жазат Кытайдын маалымат булактары.
“Интернетке киргенде эле Кытайдагы коронавирус боюнча жалаң негатив, конфликт, жаман, жалган, күлкү келээрлик маалыматтарга толгон. Азыркы учурда сыйдан мурун сын, ыраазычылыктан мурун нааразычылыктар арбын болуп кетти. Ал эми фейктер үчүн жакшы “тамак” Кытайдагы коронавирус болду. А түгүл бул вирус дүйнөнүн бардык жерин каптап кеткендей таасир калтырышты. Бирок ошол эле учурда эмнегедир фейктер Кытайдагы акыркы жакшы маалыматтар тууралуу жазгылары да келбейт.
Коронавирус каптаган Кытайда жакшы маалыматтар бар, себеби, бул илдеттен айыккандардын саны арбып барат. Мисалы, бугүнкү күндүн маалыматына таянсак 506 адам толук сакайып, бул илдетти жеңди. Кыскасын айтканда Кытай коронавирусту жеңди”,- деп жазылат маалыматта.
Чындыгында акыркы кездерде дүйнө жүзүндө коронавирус тууралуу ар кандай жалган маалыматтар тарап, ансыз да чочулап турган дүйнө элин ого бетерден коркутуп аткан кез. Ошентсе да адистер, вирусологдор бул илдетти жуктуруп албоо үчүн жеке гигиенаны сактап, коомдук жайларды дезинфекциялоону суранышууда.
Abal.kg