Кашкар Жунушалиев: “Элдин милицияга болгон ишенимин бекемдөө керек”

КР Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев учурдагы милициядагы реформалоону, аткарыла турган иштер, пландары, көйгөйү, тууралуу коомчулукка пикирин билдирди. Бул тууралуу КР ИИМнин Басма сөз кызматы маалымдады.
Кашкар Жунушалиев : “Реформалоону өнүктүрүүдө эң башкысы коомчулуктун ишенимине ээ болуу үчүн коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоочу тутумунун сапатын жогорулатууну үзгүлтүксүз жүргүзүү. Ал үчүн бийликтин ар бир бутагы менен кызматташуу, жарандык институттар менен бирге башталган реформаны, белгиленген программаларды жана долбоорлорду иш-жүзүнө ашырууга жана элдин милицияга болгон ишенимин бекемдөөгө жардам берет.
Бүгүнкү күндө милициянын кадыр-баркын көтөрүүгө жана мага ишенип берилген коомдук тартипти сактоодогу бардык тапшырмаларды так жана акыйкат аткарууга практикалык тажрыйбам, кызматтык принциптерим жана тутунган багытым да жетиштүү десем жаңылышпайм. Элдин милицияга болгон ишенимин арттыруу.
Эгерде эл милицияга ишене баштаса, ошондо милиция иштей баштайт. ИИМде элдин ишенимин арттыруу боюнча кошумча чаралар көрүлүүдө. Анткени ички иштер органдарына болгон элдин ишенимин жогорулатуу эң башкы максаттардын бири. Милиция кызматкерлери элдин алдында кесипкөйлүүлүк жана адамкерчилик жактан жогорку критерийлерге ээ болушу керек.
Ал эми жарандар коомдук тартипти сактоодо биздин ишенимдүү таянычыбыз болушу керек. Биз эл кызматындабыз –элибиздин суранычы, пикирлери жана сунуштары биз үчун маанилүү, ошол себептүү ар бир факт, ар бир жагдайды көңулдөн чыгарбаш үчун, ар бирине мыйзам чегинде жооп берүү үчун ИИМ болгон аракетин кылат, социалдык баракчалардагы жана интернет айдыңындагы ар бир маалыматка көңүл буруу, керек учурда өз убагында жооп берүү да көңүл чордонунда, биз бул багытта иштеп жатабыз, аны коомчулук угуп билип сезип турат»,- деди министр.
Abal.kg