Коом

Россиядан коронавирусту тез аныктоочу реагенттер алынып келди

Россиядан Кыргызстанга адамдагы вирусту тез арада аныктоочу реагенттер алынып келди. Ал каражаттар 500 жолу вирусту аныктоого жетет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Басма сөз кызматы билдирди.

Өлкөдө бул медициналык каражатка тартыштык жок. Учурда Кытайдан келген бардык жарандар текшерүүдөн өтүп жатат. Акыркы маалыматтарга караганда, Кыргызстанда өпкөнү сезгенткен коркунучтуу оорунун белгилери бар адамдар каттала элек.

4-февралда Кытайда бир суткада вирустан көз жумгандардын саны 64 адамга жеткен. Ал эми коронавирус жуктуруп алган 20 684 учур катталган. Андан 427 киши көз жумса, 726 байтап айыккан. Вирустун бир нече өлкөгө жайылып кеткени маалым.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button