Коом

Аскар Акаевдин уулу жана иниси бир күндө каза болду

Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаевдин уулу жана Кыргызстанда жашаган  иниси удаа каза болушту.

Кечээ  уулу Айдар Акаев 5-февралда түштөн кийин жүрөгү кармап Москвада көз жумду.   Маалыматтарга караганда Айдар Акаевди ошол жактан эле жерге беришет.

Ошол эле 5-февралда Аскар Акаевдин улуу агасы  Кыргызстанда жашаган Чилтен Акаевдин уулу, жүрөгү кармап каза болгон Кубан Акаев Кеминде жерге берилгени да маалым болду.

Эскерте кетсек, Айдар Акаев 43 жашта болчу. Артында эки уул, бир кызы калды. 2005-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Ошол эле жылы бийлик алмашканда үй-бүлөсү менен кошо Кыргызстандан чыгып кеткен.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button