Коом

Кыргызстанга иштегени келген тажик, өзбек жарандарын милиция тоной албайт

Коңшу өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстанда иштөө үчүн патент сатып алышы керек. Бул боюнча мыйзам долбоор Жогорку Кеңеште сунушталууда.

Демилгечи Исхак Пирматовдун билдирүүсүндө, коңшу өлкөлөрдүн жарандары өлкө аймагында 60 күн визасыз жүрө алышат.

Кыргызстандагы чек арадагы райондорго коңшу Тажикстан жана Өзбекстандын жарандары келип сезон учурунда иштеп кетишет. Алар Бишкек, Ысык-Көлгө чейин иш издешет. Аларды жергиликтүү милиция коркутуп-үркүтүп, акчасын тоногон учурлар кездешет. Андыктан биз аны мыйзамдаштырып, акчаны бирөөнүн чөнтөгүнө эмес, жергиликтүү бюджетке түшүшүн сунуштайбыз. Ар бир райондо салык кызматы бар», — дейт Исхак Пирматов.

Депутат аны менен чек арадагы райондордун бюджетин толуктоого кошумча булак пайда болорун белгилейт.

Эскерте кетсек, Тажикстан жана Өзбекстандын жарандары чек арадагы райондордо талаа жумуштарында, Бишкекте курулуш жаатында да көп иштешет. 

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button