Окуялар

Өз кызын зордуктаган киши катуу жазаланды

Ош облусунун Араван районунда 15 жаштагы кызын бир жыл бою зордуктап келген 44 жаштагы киши өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Ош шаардык жана облустук сотунун маалымат бөлүмү билдирди.

Бул кылмыш иши Араван райондук сотунда каралды. Райондун прокуратурасы соттон шектүүнү өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн сураган.

Райсот аны канааттандырып, 15 жаштагы кызын зордуктоого шектелген кишини өмүр бою эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.

Эскерте кетсек, бул факт 2019-жылдын 11-декабрь күнү Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Кылмышка шектүү катары өспүрүм кыздын 1976-жылы туулган атасы кармалган. Тергөө иштерин Араван райондук милициясы жана райондук прокуратурасынын кызматкерлери биргеликте жүргүзүп, шектүү кызын зордуктаганын мойнуна алган.

Кыздын апасы мындан 4 жыл мурда каза болгон. Араванда кесиптик лицейлердин биринде окуган жабырлануучу студент өткөн жылдын декабрь айынан баштап сабакка барбай калган. Ал апасы каза болгондуктан чоң энеси, атасынын карындашы, бир туугандары, өз атасы менен чогуу жашап келген.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button