Коом

Зордук-зомбулуктан жабыркаган балдарды коргоо талкууланды

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги балдарды зордук-зомбулуктан коргоо чөйрөсүндөгү клиникалык колдонмолорду, протоколдорду жана стандарттарды иштеп чыкты. Бул Кыргызстандагы БУУнун балдар фондунун колдоосу менен «Баланын укуктарын коргоочулардын лигасы» КФ менен биргеликте ишке ашырылды. 

Ушуга байланыштуу кечээ 6-февралда, Бишкекте КР Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Ички иштер министрлигинин, соттук мед.экспертизалардын жана «Баланын укуктарын коргоочулардын лигасы» КФ, БУУнун балдар фондунун өкүлдөрүнүн катышуусунда «Жоопкер мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнүн алкагында балдарды зордук-зомбулуктан жана катаал мамилелерден коргоонун стандарттарын ишке ашыруу» деген темада тегерек стол болуп өттү. Анын максаты —  социалдык өнүгүүнүн жана саламаттыкты сактоонун бардык башкаруу баскычтарында далилдүү медициналык принциптерге шайкеш болгондой  балдарды зордук-зомбулуктан жана катаал мамилелерден коргоо чөйрөсүндөгү социалдык жана медициналык жардамдардын сапатын жакшыртуу.

Тегерек столдо Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган Балдардын укуктары жөнүндө конвенцияга жана Аялдарга карата басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу боюнча конвенцияга ылайык, турмуштун катаал кырдаалдарына тушуккан балдардын негизги суроо-талаптарына жооп берүүчү жогорку эл аралык тажрыйбаларга шайкеш келгендей иштелип чыккан, зордук-зомбулукка кабылган балдарды коргоонун стандарттары айтылды.

«КМШ өлкөлөрүндө биздин өлкө биринчилерден болуп «Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык укуктук жактан коргоо жөнүндө» мыйзамды кабыл алган, бирок ал натыйжалуу иштеши керек, анүчүн тиешелүү мамлекеттик органдар жана ЖӨБО балдардын укуктарын коргоодогу жаңы стандарттар боюнча билимдерин жакшыртышы керек»,-деди Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин орун басары Ализа Солтонбекова.

Ошондой эле КР Акыйкатчысынын орун басары Гүлнара Жамгырчиева 2016-жылдан 2018-жылга чейин Акыйкатчы аппараты балдардын укуктарын коргоого байланыштуу 399 кайрылууну, 2029-жылы 115 арыздарды өз көзөмөлүнө алгандыгы жөнүндө маалымат берди.

«Баланын укуктарын коргоочулардын лигасы» КФ директору Назгүл Турдубекова дагы балдар жүргөн үйлөрдө, бала бакчаларда, мектептерде, балдар үйлөрүндө, майып балдар үчүн интернаттарда, психиатриялык ооруканаларда, көчөлөрдө балдарга болгон зомбулуктар токтошу керектигин белгилеп, балдарга болгон зомбулуктун формалардын бири дагы жеткиликтүү болбой жатканы менен катар эле акталбай жаткандыгын дагы айтты.

Жолугушууда балдардын укугу боюнча колдонмо (эл аралык ченемдер жана улуттук мыйзамдар), турмуштук оор кырдаалга кабылган балдардын, анын ичинде мыйзам менен чатагы бар балдардын муктаждыктарына медициналык жана коомдук баа берүүнүн стандарттары, балдар менен мамлекеттик жана мамлекеттик эмес органдарынын адистеринин өз ара аракеттенүүсү жөнүндө нускама (байланыш түрүндөгү медициналык талаптар, маек, суракка алуу ж.б. ..), зордук-зомбулуктан жабыр балдарга медициналык кароо жүрүгүзүү, ошондой эле жабык мекемелерде жана майыптар үчүн ж.б. жатак мектептери менен ооруканаларда жаткан балдарга мониторинг жүргүзүү жана медициналык кароодон өткөрүү, депрессияга тушуккан балдарды заманбап ыкмада дарылоо  сыяктуу маселелерге байланыштуу бир катар документтер  талкууланды.

Зордук-зомбулуктан балдарды коргоо боюнча стандарттарды иштеп чыгуу боюнча эксперт-методолог Бермет Барыктабасова эл аралык далилдүү натыйжалуу стратегиялар менен тааныштырды. «Бул барынан мурда балдар жөнүндө күчтүү мыйзам, балдарга карата мамилелердин өзгөрүүсү жана баалуулугу, ата-энелик күчтүү мээрим, туугандар үчүн реаблитациялык программалар, денеге залал келтирүүлөрдү таптакыр жоюу,  программаларды ишке ашырууда мамлекет тарабынан бөлүнгөн жеткиликтүү ресурстар, мамлекеттик кызматтар, билим жана мамлекеттик, мамлекеттик эмес тармактардын адистеринин көндүмдөрү»,-деп белгиледи эксперт.

Мындан тышкары, балдарга карата зордук-зомбулук көрсөтүүнү азайтуу боюнча бир катар иш-аракеттердин жыйынтыгы айтылып, Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан бекитилген медициналык стандарттар жана балдарды зомбулуктан коргоонун стандарттары тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле бул багытта иш алып баруучу жоопкер мамлекеттик органдардын аты аталды.

Иликтөөлөр көрсөткөндөй, жашы жете электе кош бойлуу болгон өспүрүм кыздардын 90 пайызы зомбулуктун натыйжасында болгон. Зомбулуктан жабыр тарткан балдар жана өспүрүмдөр тууралуу медициналык адистер биринчилерден болуп билишет жана зомбулук болгон фактыны аныкташат. «Репродуктивдүү саламаттык боюнча альянс» КБ аткаруучу директору Чиркина Галина дагы стандарттар боюнча документтердин жыйнагына кирген «Өспүрүм кездеги кош бойлуулук боюнча клиникалык колдонмо» менен тааныштырды жана бул колдонмо КР ССМ клиникалык протоколдорун толуктап жана түшүндүрүп турарын, өспүрүм кыздардын кош бойлуу болуп калган учурларында аларды каттоого алуу, тиешелүү кеңештерди берүү, аларга тиешелүү жардамдарды берүү менен саламаттыгына байланыштуу ж.б. укуктарын коргоодо жардамга келерин белгиледи. Адистердин айтуусунда сексуалдык зомбулукка кабылгандардын 3% ы гана болгон окуя тууралуу маалымдашат. Ошондой эле коркуудан жана ишенбөөчүлүктөн улам мамлекеттик органдарга жардам үчүн кайрылуунун деңгээли абдан төмөн.

Ошондуктан бекитилген клиникалык колдонмо жана стандарттар зомбулукту алдын алуу, ошондой эле жабыркагандардын өз укугун калыбына келтирүүгө жардам берүү менен зомбулук болгон учурларда көңүл буруу үчүн ведомстволор аралык аракеттердин натыйжалуулугун жогорулатат деген ишеним бар.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button