Саясат

Ниязов криминал дүйнөнүн тилин таптыбы?

АШАнын бийлигин бекемдеген да, акыр аягы аны түрмөгө алып барып тыккан да бир гений идеологу бар – Фарид Ниязов.

Ал азыр өзү абакта.  Албетте, абактагы жашоону эч бир пендеге көрсөтпөсүн, бирок ал жакта да жөн отурбай, Фарид “акылдан азап” тартып жатыптыр.

Түрмөдөгү, эшиктеги АШАнын тарапташтарына дем берип, “мозговой центр” болуп жаткан ошол киши экен.

Равшан Жээнбеков, Канат Сагымбаев, Мээрбек Мискенбаев, Дамир Мусакеев менен акыл калчашып, Атамбаев, Исаков, Ибраимов менен адвокаттар аркылуу тил кат жазышып, апрель-майда Кыргызстандагы абалды “чайкамай” планын бышырып жатат дейт. Равшан Жээнбеков жана Сапар Исаков океандын ары жагы, батыш менен байланыштарын максималдуу пайдаланышы күмөн жартпайт. 

Эми мейли, бул саясат, күрөш, кечеки чогуу жүргөн санаалаштар бүгүн минтип эки жээк болуп турганда, эки тарап тең баардык мүмкүнчүлүгүн колдонот деп, тыянак чыгаралы.

Фаридди алыс-жакындан билгендер, “интеллигентный киши эле” деп, аяшы да мүмкүн.

Бирок, ал анчалык деле “байкуш” эмес экен.

Ал “каралардын” да тилин табууга далалаты күч дейт. “Воровской мир” деп коет эмеспизби, ошол жактын да көңүлүн алуу максатында былтыр күздө “волядагы общакка” кеминде 50 миң американын жашылбайын, ага кошуп Лексустун 570-чисин тартуулаптыр.

Айтор, Пайгамбар жашка таяп калган идеолог Фарид аке дагы эмненин үстүнөн чыгаар экен.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button