Хабиб 100 миллион доллардан баш тартты

Аралаш стилдеги мушташтын өкүлү Хабиб Нурмагомедов 2018-жылы жеңип алган Ирландиялык спортсмен МакГрегор менен 100 миллионго кайра эрөөлгө чыгуудан баш тартты. Бул туралуу ал Дагестанда өткөргөн пресс-конференциясында билдирүү жасаганын Sport24 каналы көрсөттү.
Эске салсак, ушул жылдын 1-февралында, Хабибдин менеджери Али Абдель-Азиз Сауд Арабиясынан сунуш түшкөнүн, эгерде Хабиб кайрадан МакГрегор менен мушташа турган болсо, макул болгону үчүн эле 100 миллион доллар алаарын билдирген болчу. Мындан тышкаары, саудиялыктар Хабибди америкалык жеңилбес Флойда Мэйуэзер (Мейвезер) менен мушташат деген үмүттө турушат. Бул эрөөлдө да саудиялыктар Хабибге 100 миллион доллар төлөп берүүгө даяр.
“Аны (МакГрегорду) дагы кайра сабаш үчүн 100 миллион алыштын мага эмне кереги бар” деди Хабиб, мушташтан баш тартканынын себебин билдирип.
Abal.kg