Спорт
83 жаштагы аял дүйнөнүн эки жолку чемпиону болду

3-9-февралда 83 жаштагы россиялык Нина Максимова кышында сууга сүзүү боюнча Словениянын Блед көлүндө өткөн дүйнөлүк чемпионатта биринчи орунду жеңип алды. Бул туурасында «Солевар» басылмасы билдирди.
Суунун муздактыгы бир градустун айланасында болгон бул жарышта, Максимова 25 жана 50 метрлик аралыкта таймашып, эки алтын медалдын тең ээси болду. Чемпионатка 36 өлкөдөн 1042 спротсмен катышышкан. Чемпионатка катышкан суучулдардын арасында Россия, АКШ, Аргентина, Германия, Чехия сыяктуу ж.б.у.с. мамлкеттердин спортсмендери бар.
Нина Максимова 6 жашынан тартып сууда сүзөт. Анын ичинен акыркы 30 жылда кышында сууга сүзүү боюнча машыгат.
Abal.kg



