Окуялар
16 жаштагы Айдай изделүүдө, көргөндөр кабарлап коюңуздар!
10-февраль күнү 16 жаштагы Айдай Аят кызы үйүнөн чыккан боюнча кайтып келген эмес. Кыз психикалык жактан жабыркап, сылтып басат. Айдады көрүп-билгендерди кабарлап коюуну милиция суранууда.
10-февраль күнү саат 15:00дөр чамасында Токомбаев жана Сухэ-Батор көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан үйүнөн чыккан боюнча кайтып келген эмес. Айдай психикалык жактан жабыркайт. Чачы жана көздөрү кара. Үстүнө кара жана кызыл тоголоктору бар узун куртка, башына кара топу жана күрөң шым кийген. Сылтып басат, бою 172 сантиметр. Буга чейин Айдай үйүнөн кетип, жоголгон эмес.

Октябрь РИИБи Айдай тууралуу кандайдыр бир маалыматы барларды (0555) 01-17-17, (0700) 17-17-32 , (0701) 80-89-42, (0706) 80-12-91 номерлерине чалып коюуну өтүнөт.
Abal.kg



