Коом

“Азаттык” иликтөөсүндөгү көрсөткөн далилдер чындыкка дал келбей атат

Мамлекеттик Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов “Азаттык”, “Клооп” жана “24.kg” маалымат сайттарынын үстүнөн доо-арыз менен кайрылып, учурда соттук териштирүүлөр жүрүп жатат. Аталган басылмалар Р.Матраимовду коррупциялык схемаларды түзүп, Кыргызстандан 700 миллион доллар акча каражатын чыгарып кеткен деп айыптап жазышкан.  Акыркы соттук отурум, 29-январда болуп өттү. “24.kg” сайтына карата доо арыз, басылма далилдери жок экенин моюнга алып, төгүндөө жасаганына байланыштуу доогер тарабынан артка чакыртылып алынды.

СОТТУК ОТУРУМДА ЭМНЕЛЕР БЕЛГИЛҮҮ БОЛДУ?

29-январдагы отурумда “Азаттык” жана “Клооп” сайтынын жактоочусу Акмат Алагушев колундагы документтер жетишсиз жана түп нускасы жок экенин белгилеп, учурда иликтөөдөгү маалыматтарга байланыштуу документтерди издеп жатышканын айтты. Белгилей кетсек, Али Токтакунов “колумда документтер бар”-деп бир нече жолу кайталап айткан. Анын жактоочусу менен пикирлери дал келбей  жатат. Андан соӊ, Жогорку Кеӊеште Айеркен Саймаитинин өлүмү жана ага байланыштуу иштер боюнча түзүлгөн комиссиянын отуруму болуп өттү. Анда, “Азаттыктын” Бишкек кеӊсесиндеги жетекчиси Айзада Касымалиева дагы жетиштүү маалыматтарга жана документтерге ээ эмес экенин моюнга алып:

“Журналисттер ачык булактарга таянышат. Зарыл болсо укук коргоо органдары өздөрү издеп таап алышы керек”-деп айтты. “Азаттыктын” жетекчиси жана жактоочунун пикиринен кийин, “Азаттык” радиосу иликтөө кылып жатканда жетишсиз жана такталбаган булактарга таянган деп болжолдосо болот. Эми, окуянын башталышына, иликтөөдөгү келтирилген жүйөөлөргө токтоло кетсек.

2019-жылдын май айында “Азаттык” радиосу Райымбек Матраимов аралашкан схемалар аркылуу Кыргызстандан 700 миллион доллар акча каражаты чыгарылып кеткен деп, төбө чачты тик тургузган маалымат жарыялаган. Иликтөөнүн автору Али Токтакунов “менде далилдүү документтерим бар, керек болсо муну тергөө органдарына берем”-деп колундагы  Айеркен Саймаити деген адамдын кол тамгасы коюлган акча которуулардын кагаздарын элге көрсөткөн.

Али Токтакунов көрсөткөн документтер жасалма экени көп өтпөй эле белгилүү болуп, аны иликтөөчү журналист Элнура Алканова ашкере кылган. “Азаттык” радиосу жасалма документти колдонгону боюнча кийин бир дагы жолу сөз кылган жок. Коомчулук социалдык байланыш тармактары аркылуу “документиӊер жасалма экен, буга эмне деп жооп бересиӊер?”-деген суроосу ушул күнгө чейин жоопсуз калтырылууда.

Иликтөөдөн кийин каржы полициясы 2011-2016-жылдар аралыгында өлкөдөн чыккан 700 миллион акча каражаты “Дордой” жана “Кара-Суу” базарындагы жана башка ишкерлердин жүгүрткөн акчалары экенин, мамлекеттин бюджетине эч кандай тийешеси жок экенин тастыкташкан. Мындай маалыматты “Азаттык” радиосу  иликтөөсүнүн акыркы чыгарылышында “базардагы соодагерлердин акчалары” деп өздөрү дагы ырасташкан. Бирок ага карабай акча которуу менен алектенип жүргөн ишкер Айеркен Саймаитинин сөзүнө таянып Матраимовдорду күнөөлөп келишти.

АЙЕРКЕН САЙМАИТИ ДЕГЕН КИМ ЖАНА ИНТЕРПОЛ ТАППАГАН КЫЛМЫШКЕР МЕНЕН АЛИ ТОКТАКУНОВ КАНТИП ЖОЛУГУШКАН?

Айеркен Саймаити Кытай эл республикасынын жараны. Кыргызстанга ишкерчилик менен алектенүү үчүн келген. Белгилүү болгондой ал, өз  мекенинде ири суммадагы акча каражаты менен алдамчылыкка шектелип кылмыш иши козголгон. Кыргызстанда жүрүп дагы оор кылмыштарды жасап, ири суммадагы салыктарды төлөбөй Турцияга жасалма паспорт менен качып кеткен. Ага карата кылмыш иши ачылып, эл аралык издөөгө алынган. Кытай жана Кыргызстандын органдары аркылуу издөөдө таптырбай жүргөн кылмышка шектүү “Азаттык” радиосунун журналисти менен кантип жолугуп калганы кызык. Аны Али Токтакунов издеп таптыбы же Айеркен Саймаити Али Токтакуновго байланышка чыкканбы деген суроого эч ким кызыга элек. “Азаттыктын” иликтөөсүндө айтылган маалыматтардын бири дагы тастыкталган жок. Болгону Айеркен Саймаитинин телефон аркылуу айткан сөздөрүн далил катары  кармап жатышат. Айеркен Саймаитиге канчалык деӊгээлде ишенсе болот, ага ишеним арткыдай кандай таасири бар адам?   Кыргызстандын жараныбы? Бийлик органдарында иштеп кеткен адам беле? Же ал ким? Болгону ири алдамчылык иштерге айыпталып издөөдө жүргөн кылмышкер! Кылмышкердин сөзү менен чуу салып, жыйынтыгында далили жок отуруп калып, күбө катары сурактан качып келбей, алыста отуруп алып “далилим бар, онлайн байланышка чыгам”-деп төшүн каккылап, элди дүрбөткөн Али Токтакуновго эми эмне деп айыш керек?

“Азаттыкка” башында иликтөөгө колдонгон жасалма документтерди Саймамити бергенби же Али Токтакунов өзү жасаганбы, эмнеге ал боюнча жооп бербейсиӊер деген суроого жооп берүүсү абзел. Бул суроого жооп береби же дагы деле көз жумуп коебу, күтө туралычы…

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button