Саясат

Жеңиш Разаков шайлоого барбай, бизнеске кетеби?

Бүгүн вице-премьер Жеңиш Разаков өз ыктыяры менен кызматынан кетүүгө арыз берип, ага президент Сооронбай Жээнбеков Жарлыкка кол койду. Бирок Разаковдун кызматынан кеткени коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратууда.

Ал бул кызматтан кеткен себебин үй-бүлөлүк  маселелерине байланыштырган. Разаков: “үй-бүлөнү дагы карап коюшум керек. Ошондуктан ушундай чечим кабыл алдым. Азырынча мамлекеттик кызматтардан алыс болуп турам», — деди.

Кызматтан кетишине коомчулуктун сыны таасир этпегенин белгилеп:

«Ал сындар боюнча өзүңөр билесиңер да. Жогорку Кеңештин пленардык жыйындарынан, тармактык комитеттерине барып, түшүндүрүп айттык. Мага каршы чыгып жаткандарды көрүп жатасыңар, бирөө соттолуп кетүүдө, башкасын жарандык тартипте сот менин пайдама чечип берип жатат. Эми айтылгандын баары фейк, жалган маалымат да. Мен аны эсепке алган жокмун»,деди Разаков.

Ал азыркы жасаган кадамы жакында боло турган парламенттик шайлоого тиешеси жок экенин да белгиледи.

Разаковдун кызматтан кетишин коомчулук жеке ишкерликке, бизнеске  барат деп божомолдошууда.

Эскерте кетсек, Жеңиш Разаков вице-премьер болуп 2018-жылдын 20-апрелинен тарта иштеп, күч түзүмдөрү жана чек ара маселелерин тескеп келген. Учурда Разаковдун ордуна бир топ талапкерлер айтылууда.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button