Ат-Башыда логистикалык борбор курулса, 13 миң кыргызстадык иштейт

Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районундагы логистикалык борбор 7 жылда курулуп бүтөт. Бул тууралуу маалымат жыйында экономика министрлигинин адиси Улан Сопукеев билдирди.
Инвестиция тартуу агенттигинин өкүлү Жалын Жээналиевдин айтымында, учурда борбордун техникалык долбоору түзүлүүдө.
«Инвестициялык келишимге кол коюула элек. Анда баардык талаптар көрсөтүлөт. Эгер инвестор талаптарды аткарбаса келишим жокко чыгарылат. Талаш маселелер Кыргызстандын мыйзамдары менен жөнгө салынат», — дейт ал.
Борбордун курулушуна 176 гектар жер берилген. Ал жер мамлекетке тааныдык.
Ат-Башы районундагы логистикалык борбордун кыргыздын экономикасы үчүн мааниси өтө чоң. Борбордук Азия мамлекеттеринде мындай борборлор курулуп, 8-9 жылдан бери үзүрлүү иштеп жатышат. Буга чейин өзүбүздө каражат жок болгондуктан, инвесторлорду тарттык, табылды. Кытай инвестиция кылганы турат. Инвестор азыр 280 миллион доллар бөлүүгө даяр экенин айтты. Бул акча логистикалык борбордун жалаң инфраструктурасына жумшалат, жол, суу курууга керектелет. Жалпы 200 гектардын 80 гектары өндүрүшкө жумшалат, 10 чакты завод-фабрика курулат. Жалпы завод, фабрикаларды курууга 1 миллиардга жакын доллар керектелет, буга да инвестиция тартуу керек экени айтылган, буга чейинки маалымат жыйындарында.
Буга чейинки маалыматтарда логистикалык борборго 13 миң кыргызстандык ишке тартылаары айтылган.
Abal.kg