Коом

Курсан Асанов элдин пикиринде оттон, октон коркпогон, өлүмгө тике караган генерал

Кыргызстанда саны бар, бирок сапаты жок, төшүнө орден тагынган генералдардын саны арбын. Албетте, өз ишин мыкты билген, коомчулукта дайыма адискөй иши менен таанымал болгон генералдарыбыз да жок эмес. Убагында далай генералдарыбыз саясый курмандыкка чабылып, темир тор артына да отуруп келишкен. Тилекке каршы, азыр да ошондой генералдарыбыздын бири Курсан Асанов сурак берип отурат.

Чындыгында генерал Курсан Асановду канчалык каралабайлы,  анын коомчулукта өзүнүн кадыр-баркы бар.  Ошондон улам Курсан Асанов тууралуу элдин пикирин чогулттук.

Асанов элдин пикиринде…

“Курсан Асановду милиция тармагындагы кызматы жагынан дагы өтө такшалган, профессионал адам деп эсептейм. Ош окуясында оттон, октон кайра тартпай, кыйын кырдаалда өзүнүн жеке керт башын унутуп, эки элди элдештирүүнүн камында жүрдү. Бул деген чоң эрдик. Курсандай болуп жанталашып, эки элди элдештирип, арачыга түшүп, өлүмгө тике карап турган кишилер аз болду. Бул жигит кайсы гана бийлик келбесин милдетин таза өтөйт.  Саясатта мындай таза иштөөнүн өзү кыйын. Анын баатырдык мүнөзүн абдан баалайм. Мамлекеттин башына кандай гана кыйын кырдаал түшпөсүн биринчилерден болуп, кыйынчылыкты колго алып, тез аранын ичинде маселени чечкенге аракет кылып келди. Жашоодо өз принциби бар, ак менен караны ажырата алган, өз кызыкчылыгынан элинин мүдөөсүн жогору койгон чыныгы атуулдардын  бири деп айтсам жаңылышпайм. Генералдыктын атын булгабай, татыктуу алып жүргөн аскер адамы аз. Андайлар тарыхта чанда жаралат.  Учурда Курсан өз кызматын эң жакшы аткарып келди. 7-8 августтагы Кой-Таштагы болгон окуяда Курсан Асановдун тайманбас эрдигин жогору баалаймын. Ошол жердеги адам өмүрүнө коркунуч келген кооптуу кырдаалда жасаган иш-аракетин ИИМдин жетекчилиги ич-ара баа берип чечишип алышканы жөндүү эле. Эми Курсан Асановго жүргүзүп жаткан тергөөдө объективдүү туура баа берилет деп ишенем. Оболу, Курсан Асанов сыяктуу биздин көрүнүктүү ИИМдин кызматкерлерине ишеним көрсөтүү жана аларды колдоо ИИМдин жетекчилигинин камкордугу болушу керек. Себеби министрликтин жетекчилеринин арасында бири-бирине болгон ишеним жана колдоо жагы ошол системанын үзгүлтүксүз жана жогорку профессионалдык деңгээлде иш алып барышына  шарт түзөт. Мен ИИМдин иштерине ийгилик каалайм. Дайыма биримдикте болуп эл арасындагы тынчтыкты, мамлекетибиздеги стабилдүүлүктү мындан ары да бекем сактоого чакырам!”- деген жообун айтты белгилүү инсан.

Эскерте кетсек, Кыргызстандагы мындан башка да белгилүү инсандар генерал Курсан Асанов тууралуу жылуу пикирлерин ачык эле айтышууда. Тилекке  каршы ИИМ системасында иштеген же отставкага кеткен кызматкерлер өздөрүнүн аты-жөнүн айткандан тартынышат.  

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button