Окуялар

Бишкекте каршы тилкеге чыккан унаа төрт адамдын өмүрүн алды

Кечээ, 11-февраль күнү  кечинде 22.30дар чамасында Бишкек шаарынын четиндеги Ак-Ордо конушунда эки унаа кагышып, төрт адам каза болду.  Катуу кагылышкан Nissan менен BMW автоунааларынан экиден адам көз жумушту.

Борбордогу Кайгуул милициясы каза болгон адамдар тууралуу билдирди:

  • 31 жаштагы жаран, Nissan автоунаасынын айдоочусу;
  • 25 жаштагы аял, Nissan автоунаасынын ичинде болгон;
  • 19 жаштагы улан, BMW автоунаасын айдап бараткан;
  • 19 жаштагы улан, BMW автоунаасынын ичинде бараткан.

Булардын сырткары, BMW автоунаасынын ичинде бараткан 19 жана 18 жаштагы уландар да жаракат алган. Кырсыктын чыгуу себеби машиналардын бири жолдун каршы тилкесине чыга калгандыгы айтылууда. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button