Окуялар
Окуучу мектептин короосунда каза болду
Бишкектеги №16 мектептин короосунан 2004-жылы туулган окуучу асынган абалда табылды. Бул тууралуу Бишкек РИИБден тастыкташты.
Окуя кечээ болгон. Окуучунун денесин №16 мектептин кароолчусу видео байкоо камерасынын зымына асылган абалда тапкан.
“Иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн окуя болгон жерге тез арада Билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери жана укук коргоочулар келишкен. Билим берүү башкармалыгынын буйругу менен окуяны иликтөө үчүн комиссия түзүлгөн. Каза болгон өспүрүм 16 жаштагы №64 мектептин окуучусу А.А. экендиги аныкталды”, – деп айтылат маалыматта.
Окуучу өз жанын кыйдыбы же аны атайылап кимдир-бирөөлөр асып салдыбы, азырынча иликтөө иштери жүрүп жатат.
Abal.kg