Саясат
Майрам Акаева Кыргызстанга келди
Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаевдин жубайы Майрам Акаева Кыргызстанга Москвадан учуп келди.
Майрам Дүйшеновна “Аэрофлот” рейси менен өзүнун жардамчысынын коштоосунда келди. “Манас” аэропортунан анын жан сакчылары тосуп алышканы тууралуу белгилүү булактардан маалымат берилди.
Эске салсак, Акаевдердин үй-бүлөсү жакында эки чоң жоготууга учурашканы маалым. Акаевдин агасынын баласы Кубан Акаев жана уулу Айдар Акаев экөө удаа каза болушкан.
Акыркы жылдары Майрам Акаева Москвада эмес, Щвецариянын Женевасында жашайт деген маалыматтар бар. Акаеванын уулу каза болгондо Кыргызстанга келгени тууралуу ар кандай пикирлер айтылууда.
Abal.kg



