Коом
Кытайдан Казакстан аркылуу 40 кыргыз жараны келди

Кыргызстанга казакстандык учак Кытайдан 40 кыргыз жаранын алып келди. Бул тууралуу, Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Бүгүн саат 7де Алматы аэропортуна 171 казак жана 40 кыргыз жараны Пекинден алып келинген.
Казак жарандары көп тармактуу ооруканага жайгаштырылып, кыргыз жарандары Бишкекке жөнөтүлгөн. Келгендер бир сыйра текшерүүдөн өтүп, алардан вирустун белгилери табылган эмес.
Эскерте кетсек, бүгүнкү күндө Кытайда катталган коронавирустан 1368 адам каза таап, 60 миңден ашуун адам ооруну жуктуруп алгандыгы маалым болду.
Abal.kg