Дүйнө

“Фейсбук” фейк аккаунттарды, топторду жана баракчаларды жаба баштады

Кечээ, 12-февралда «Фейсбук» бир нече мамлекеттердеги фейк аккаунттарды, топторду, баракчаларды жапты.

«Фейсбук» компаниясынын коопсуздук саясаты боюнча жетекчиси Натаниэл Глейхер эки тармактын иштөө тартиби «координацияланганын» жана «жалган аккаунттарга» жамынып алып, «өкмөттүн же чет элдик тараптын» атынан билдирүү таратканын айтты.

Кечээ жалпысынан 78 аккаунт, 11 баракча, 29 топ жана Орусияда түзүлгөн «Инстаграмдагы» төрт аккаунт жабылды. «Фейсбуктун» иликтөөсү «Орусиядагы аккаунттардын аскердик чалгын кызматтары» менен байланышын көрсөткөн. Алардын артында тургандар өздөрүн жарандык журналисттер катары көрсөтүп, аймактагы саясатчылар, журналисттер жана башка коомдук ишмерлер менен байланышууга аракеттенишкен.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button