Өмүрлүк түгөйүңүз сизди ийгиликке жеткирет же артка тартып, көргө сүйрөйт

Карнеги Меллон университети никедеги жубайлардын ийгилигин жана жашоосундагы бактысыз, ийгиликсиз турмушуна иликтөө жүргүзүшкөн.
Иликтөөдө үй-бүлөсүнөн жакшы жөлөк, шык алган адамдар кыйынчылык учурда ишенимдүү тандоо жүргүзүп, ийгиликтүү болоорун жарыя кылышты.
Окумуштуулардын айтымында адамдын ийгиликке жетиши жанындагы адамдарга көз каранды жана өзгөчө ал ким менен никеде турат, ошол адамга жараша болот. Эгерде аялы же күйөөсү бирин-бири колдоп турса ийгилик сөзсүз болот, эгерде колдобой, ийгиликке жетүүсүнө тоскоол болсо, ал адамдын жашоосун артка тартып, ийгиликтен алыстатып, орой айтканда көргө түртөт экен.
Адамдардын ийгилигин көрүш үчүн алар 163 жуп үй-бүлөнү тандашкан. Ар бирине бирден тапшырма берип, аны тез арада туура чечүүнү сунушташкан. Үй-бүлөдөгү аялы менен күйөөсү бирин-бири колдогондор да, тескерисинче, бири-биринин сөзүн укпай урушкандар да болгон.
Бул иликтөөгө катышкан үй-бүлөлөрдүн арасында бирин-бири колдогон жубайлар жакшы ийгиликтерге жетишкен. Ал эми күйөөсүн же аялын колдобогондор ийгиликтен алысташкан. Негизи бул жердеги тапшырма өтө эле жөнөкөй болгон.
Мындай экспериментке катышкандарды жарым жылдан кийин да чогултушкан, окумуштуулар. Ошол кезде бирин-бири колдоп турган жубайлар чоң ийгиликтерге жетишкен, ал эми аялынын же күйөөсүнүн аракетине жолтоо болуп, аны артка тартып, басынтып, кысынтып, ага мүмкүнчүлүк бербегендердин жашоосунда эч кандай ийгилик болгон эмес.
Адамдын жашоосундагы татаал тандоолордо жубайлар туура кеңеш берип, колдоп турса аларда келечекте ийгилик көп болоорун аныкташкан окумуштуулар.
Сиздин жолдошуңуз же жубайыңыз сиздин ийгиликке жетишиңизге чоң түрткү болуп, жардам берет, же биротоло ишиңизди артка тартып, көргө сүйрөйт деген чечимге келишкен.
Окумуштуулар дүйнөдөгү эң ийгиликтүү адамдардын никесин карап, жубайларынын ийгиликке кошкон салымын иликтешкен. Мисалы, Барак Обама, Бейонсе, Марк Цукерберг – бул иликтөөлөрдөгү баш каармандар деп эсептешкен. Булар ар кандай чөйрөдө иштешет. Алардын дүйнөгө көз караштары, дүйнө таанымы да башкача. Ошентсе да алар мындай ийгиликке жанындагы сүйүктүүсүнүн ишеними, көмөгү менен жеткенин айтып келишет.
АКШнын экс-президенти Барак Обама мындай ийгиликке ал аялынын көмөгү, шык, дем бергени менен гана жеткенин айтканы бар. Аны аялы гана депрессиядан, стресстик кырдаалдардан, жан дүйнөнүн жан кейиткен учурларынан чыгара алат.
Дүйнөгө таанымал ырчы айым Бейонсе да ааламга таанылган атак-даңкы күйөөсүнүн колдоосу, жардамы менен ишке ашканын айтып келет. Бейонсенин ырчы болуусуна күйөөсү шык берген.
Жыйынтыгында…
Ар бир адамдын жашоосунда сөзсүз белгилүү бир ийгилик жаралат. Балким, алардын ийгилиги никесине байланыштуу болушу ыктымал, бирок, ошол эле учурда ойлонуп көрүңүзчү, жаныңыздагы жолдошуңуз сиздин ийгиликти колдойбу, же артка тартабы? Балким, азыр жакшылап ойлонуп, жашооңузду барактап көрүп, талдап чыгаарсыз.
Чындыгында жашоодо күйөөсү же аялы ийгиликке жетүү үчүн бирин-бири артка тартып, же шык берген далилдер дүйнөдө миллиондоп саналат. Биздин жашообузда деле күйөөсү же аялы менен ажырашкандан кийин чоң ийгиликтерди багындырган инсандардын саны арбын. Же, тескерисинче жалгыз бой жүрүп, баш кошкон адамы аны көкөлөтүп ийгиликке жеткиргендер бар.
Демек, сиз тандап, никелешкен адам сизди ийгиликке көкөлөтүп жеткирет, же тескерисинче жашооңузду артка тартып, көргө сүйрөйт.
Abal.kg