Коронавирусту дарылаштын жолу табылды

Кытайлык врачтар коронавирус COVID-19 менен ооруп айыккандардын плазмасын бул дартты жуктуруп алгандарга куюу аркылуу дарылоо методикасы эффективдүүлүгүн көрсөттү деп белгилейт, Синьхуа агентттиги жергиликтүү медиктердин маалыматына таянып.
Жаңы ыкма менен дарылоонун эффективдүлүүгү туурасында ушул дарт чыккан Ухандагы оорукананын башчысы Чжан Динюй пресс-конференция учурунда билдирген.
Эксперттердин түшүндүргөнүнө караганда, бул дарттан айыккан кээ бир адамдардын плазмасында (канында) коронавирус менен күрөшүүгө жардам бере турган антитела табылган.
Ушул кезге карата коронавирус жуктургандардын саны 60360 адамга жетип, анын ичинен 6278 айыгып, 1370 киши көз жумган. 11-февралда Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (БСУ) бул дартка COVID-2019 деген ат берген.
Abal.kg