Маданият

Кыргызча мультфильмдерди тартууга сынак жарыяланды

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кыргыз тилинде мультфилмдердин сценарийине сынак жарыялады.

Анимациялык 10 мүнөттүк мультфильмге 1,5 миллион сом, 30 мүнөттүккө 2 миллион сом бөлүп берүүгө даяр.

Сценарийге болгон талаптар:

— Мазмундуулугу сынактын темасына ылайык келиши керек;
— Сынактык сценарийлерде болочок фильмдин балдарга болгон жеткиликтүүлүгү: материалдар жөнөкөй жана жаш балдардын аудиториясы үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү тил менен баяндалышы зарыл;
— Идеянын креативдүүлүгү жана оригиналдуулугу: теманы берүү формасынын өзгөчөлүгү;
— Сынактык сценарийлерди тандоодо мекенди сүйүү, патриоттуулук, улуттук салттарга жана тарых, жаш муунду тарбиялоого басым жасоо мамилелери эске алынат.
— Мазмуну Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдерине карама-каршы келбеген жана мурда эч жерде жарыяланбаган болуусу милдеттүү.

Сынактын катышуучулары жиберилген сценарийге өздөрүнүн толук автордук укуктары бар экендигин тастыкташат. Аны атайын комиссия карап чыгат.

Ал эми сценарийлерди 13-мартка чейин жөнөтүү зарыл.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button