Коом

Жаш балдарга карата зомбулуктун алдын алуу максатында адистер үйлөрдү кыдырууда

Балдарга карата катаал мамилени жана зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында адистер үйлөрдү кыдырууда. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

«Баардык райондордо балдарга карата катаал мамилени, зордук-зомбулуктун алдын алуу, оор жашоо шартындагы балдарды аныктоо жана мониторинг жүргүзүү максатында райондук штабдын мүчөлөрү кожолуктарды кыдырууда.

Бул иштер балдарга карата зордук-зомбулуктар көп катталып жатканына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасынын негизинде аткарылып жатат.

Райондук штабдардын мүчөлөрү мигранттардын балдары тарбияланып жаткан үй-бүлөлөргө мониторинг жүргүзүү максатында кожолуктарды кыдырып, балдарга карата физикалык жана психологиялык жактан зомбулук жасоого, катаал мамиле кылууга жол бербөө тууралуу калкка маалымат жеткирүү иштерин жүргүзүүдө.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине ишти координациялоо, балдарга орой мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүү учурларын өзгөчө көзөмөлгө алып, ар бир факт боюнча тыкыр жана калыс тергөө жүргүзүп, күнөөлүүлөрдү мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартуу тапшырмасы берилген.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен жашоо шарты оор  балдардын автоматташтырылган маалымат базасын ишке киргизген. Маалымат базасы жашоо шарты оор балдарды ыкчам аныктап жана аларды коргоо үчүн тийиштүү чараларды көрүүнү шарттайт. Бала аныкталган учурдан тарта бардык маалымат бирдиктүү базага түшөт. Базадагы маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгү тармактык мамлекеттик органдардын кызматкерлеринде бар. Ар бир мамлекеттик орган бала кандай жардамга муктаж экенин дароо аныктайт»- деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек, акыркы мезгилде Кыргызстанда жаш балдарга зордук-зомбулук тууралуу маалыматтар көп каттала баштаганы белгилүү.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button