Коом
Жазында Бишкекте таштандыны сорттоочу завод курула баштайт

Кыргызстанда биринчи жолу таштандыны сорттоп, кайра иштеп чыгаруучу завод курулат. Бул заводдун курулушу 2020-жылдын март айында Бишкек шаарында башталат.
14-февралда Бишкек шаарынын мэриясынын коллегиясында бул тууралуу маселе каралды. Анда 2019-жылдын 26-апрелинде таштандыны сорттоп, кайра иштеп чыгаруучу заводдун курулушу боюнча долбоорго эки этаптуу тендер жарыяланганы айтылды. Тендердин биринчи этабы 2019-жылы аяктаган, ал эми экинчиси ушул жылдын жакынкы кварталында аяктайт.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда таштандыны кайра иштетип чыгаруу заводду куруу боюнча 20 жылдан ашык убакыттан бери маселе жаралып келген.
Abal.kg