Окуялар

Кыргызстанды түндүк-түштүккө бөлүп, чагымчыл маалымат тараткан блогер кармалды

Интернет тармактарында экрандын ары жагына отуруп алып, Кыргызстанга чагымчыл маалыматтарды жарыялап, элди түндүк-түштүккө бөлгөн блогерлер бар. Алар коомчулуктан жагымсыз гана маалыматты чыгарып, таратып, ушундай өңүттө жарыялап турушат.

Бүгүн Инстаграмда (Sydyman)  аттуу жеке баракчаны иштеткен блогер Элмир Сыдымановду Октябрь РИИБинин кызматкерлери кармап кетти. Азыркы тапта ал Бишкек шаардык Октябрь РИИБинин тергөө бөлүмүнө жеткирилгенин аталган РИИБнинин басма сөз кызматкери Айбарчын Батырбекова билдирди.

Блогерди кармоого ал түз эфир аркылуу элди түндүк-түштүккө бөлгөнү себеп болгон. Эске салсак, блогер буга чейин инстаграм баракчасы аркылуу түндүк-түштүк маселесин козгоп, анын айткандары коомчулукта нааразычылыктарды жараткан.

Маалыматка таянсак, аны Кылмыш жаза кодексинин 313-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде милицияга чакыртышкан.

Эскерте кетсек, КР ИИМ басма сөз кызматы буга чейин чагымчыл маалыматтарды жана жалган маалыматтарды тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартылуу каралганын  билдирген эле.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button