Коом
Чет өлкөгө саякаттап чыккан кыргызстандыктан коронавирус табылды

Саякатта жүргөн Япониядагы Diamond Princess круиздик лайнериндеги кыргызстандыктан коронавирус табылды. Бул тууралуу World of Cruising журналы билдирет.
Бул лайнерде 3000ге жакын киши бар, аларды текшере келгенде 67 киши илдетке чалдыккан. Учурда кеме Япониянын Иокогама шаарында карантинде.
Вирусту жуктургандардын катарында Австралия, Канада, Кытай, Германия, Гонконг, Кыргызстан, Индия, Филлиппин жана Тайвань жарандары бар.
Эскерте кетсек, өткөн жылдын декабрында Кытайда катталган коронавирустаз н бир топ адам кө жумду жана бир нечеси сакайып чыкты. Кытайлыктар бул дарттын акыркы күндөрү басаңдап баратканын билдиришти.