Кыргызстан Кытайга медициналык каражаттардан гуманитардык жардам көрсөттү

Дүйнөнү дүңгүрөткөн коронавирус жайылган Кытай эл республикасына Кыргызстан гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаал министрлиги маалымат берди.
Коронавирустун жайылышына каршы аракеттерди колдоо иретинде Кыргызстан Кытайга жалпысынан жети тоннанын тегерегиндеги жүк «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө бекетине чейин жеткирилди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, жүк Кытай тараптын суроо-талабына ылайык даярдалды (антисептикалык жана зыянсыздандыруучу, жеке коргоочу медициналык каражаттар).
Акыркы маалыматтарга таянсак Кытайда коронавирусту жугузгандардын саны 72 миң кишиге жетти. Учурда вирустан 1868 адам каза болуп, вирусту жугузуп алган 12 миңден ашык киши айыкты.
Эскерте кетсек, коронавирус башка мамлекеттерге да тарап атат.
Abal.kg



